Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов 13-октябрга чейин үй камагына чыгарылды. Мындай чечимди Биринчи Май райондук соту кабыл алды.
Эске салсак, 13-августта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйрутмасы менен ички иштер министрлигинин орун басары Курсан Асанов ээлеген кызматынан бошотулган. Ага Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматы «7-8-августта Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында милициянын кызыкчылыгын саткан жана ишеничтен кеткени аныкталды» деп чыгарган чечими себеп болгон. Асановго карата Жазык кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен козголгон ишти Аскер прокуратурасы иликтеп жатат.