POST1RIGHT
2019-жылдын 13-августунда ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу, сотко чейинки териштирүү иштеринин негизинде, Өкмөттүн алдындагы кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү каттоо кадастр департаментинин, Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын маалыматтарына таянып, Алмазбек Атамбаевдин жана анын жакындарына катталган 135 кыймылсыз жана кыймылдуу мүлкү камакка алынды.
2019-жылдын 17-августунда ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгы Аскердик прокуратуранын сотко чейинки өндүрүштүк иликтөөсүнүн негизинде Алмазбек Атамбаевдин президенттик мөөнөтү маалында мыйзамсыз баюусу жана анын жогорудагы кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөр боюнча материалдарды жана аларды камакка алуу боюнча чечимдин негизинде иликтенген иштер Башкы прокуратурага болгон маалыматтарды салыштырып текшерүү иштерин жүргүзүү максатында өткөрүлүп берилди.
Учурда Башкы прокуратура жүргүзүлгөн иликтөөлөрдү эске алып, документтердин баарын текшерип чыккан соң, көрсөтүлгөн тартипте 20 кыймылсыз мүлкүн камактан чыгарды. Алар Жал 23 дарегиндеги №77чи үй жана ошол эле үйдөн 18 батир, аны менен бирге «Телерадио уюмдар Ассоциациясы» юридикалык бирикмеси. Азыркы тапта Башкы прокуратура керектүү болгон тергөө чараларын өткөрүп, аны менен бирге УКМК жана ИИМдин ыкчам бөлүмдөрүнө Алмазбек Атамбаевге жана анын жакындарына тиешелүү болгон кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөр, мыйзамсыз чыгарылган чечимдер же максатсыз колдонулган материалдык мүмкүнчүлүктөр тууралуу тыкыр текшерип чыгууну тапшырды.
Жогорудагыдай фактыларды толук иликтеп чыккандан кийин мүлктөрдүн катталышы жана аларды жакындарына өткөрүп бериши тууралуу маалыматтар такталган соң далилденген маалыматтын негизинде камактагы байлыктары тууралуу коомчулукка кеңири маалымат берилет.