2018-жылдын июнь айында коррупцияга каршы күрөштүн натыйжасында түшкөн каражаттар үчүн Бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган. Президент Сооронбай Жээнбековдун чечими менен Коррупцияга каршы күрөш боюнча Бирдиктүү депозиттик эсепке түшкөн акча каражаттары өлкө боюнча мектептерди же алардын имараттарына кошумча корпустарды курууга багытталары белгиленген.
Бүгүн Сокулук районунун Орок айылынын орто мектебине жана Бишкек шаарындагы №12 мектеп-гимназиясына кошумча имараттардын курулушу башталды.
Сокулук районунун Орок айылындагы Орок орто мектеби. Мектепке кошумча имарат эски спорт аянтчасынын ордуна салынууда. Тендерде уткан подряддык компаниянын техникалары жумушка толук тартылып, учурда толук кандуу иш жүрүп жатат.