Өкмөттүн маалымат кызматы Кыргызстандагы кытай инвесторлорун Кытайдын күч түзүмдөрү коргойт деген маалыматты четке какты. Буга чейин айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында өкмөт коңшу мамлекеттен келген инвесторлорду өздөрүнүн күч түзүмдөрү коргой турган мыйзам долбоорун таңуулап жатат деген маалыматтар тараган.
ЖМКлар эксперт Медер Корганбаевдин талдоосуна таянып жазып чыгышкан. Өкмөттүн маалымат кызматынын башчысы Чыңгыз Эсенгул уулу тараган маалыматтар жалган экенин жана аларды тараткандарга чара көрүлөрүн билдирди.