Жаңылыктар
Мекендештерди бириктирген спорттук оюндар
Кыргызстан жаңылыктары
Мекендештерди бириктирген спорттук оюндар

Бул күндөрү Москва шаарындагы мекендештер Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 28 жылдыгына карата кичи футбол, волейбол оюндары боюнча турнирлерди өткөрүүдө. Быйыл бул спорттук оюндарга аялдардан түзүлгөн командалар алгач ирет катышууда. Мекенде болуп жаткан ар бир жакшы жаңылык, чет жерде жүргөндөрдү жакшы ишке шыктандырат. Волейбол боюнча Азия чемпинатындагы кыргызстандык оюнчулардын жеңиши дагы, туулган жерден алыс жүргөн мекендештерди кубандырбай койгон жок.

Спорт биримдикке үндөйт! Футбол, волейбол жана башка оюндар. 31-август - Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата, Москва шаарындагы мекендештер спорттук иш чараларды өткөрүүдө. Медаль үчүн кыз-келиндердин 10, ал эми эркектердин 8, волейбол боюнча командасы ат салышты. Бул ирет айымдардан түзүлгөн командалар өзгөчө активдүүлүгүн көрсөттү. Иштен чарчаган соң башка спорт оюндары сыяктуу эле, волейбол оюну кадимкидей сергитет. Абизахон Адыбапова иштөөгө эле жетишпестен, үй бүлөсүнө да, спортко да убакыт таап, ар дайым жаңы нерсени үйрөнүүгө аракет жасарын айтат.

Кыргызстандын волейбол боюнча курама командасынын Азия чемпионатындагы жеңиши, бул жактагы мекендештерди шыктантып, кызыгуу жаратты. Ушул эле күнү Москванын дагы бир жеринде кичи футбол боюнча 34 команданын мелдеши да болду.
Ысык-Көл облусунун курамасынын өзгөчө толкунданып турган мезгили. Анткени бул чейинки турнирлердин жеңүүчүсү, бул ирет да биринчиликти колдон чыгарбоого аракет кылууда.

Мындай турнирлердин өтүп турушу, чет жерде жүргөндөрдүн ынтымагын бекемдейт. Уюштуруучулар чоң-чоң иш-чараларды өткөрүүнү пландоодо. ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген мигранттар арасында да, так ушундай мелдештерди өткөрүү ойлору бар. Оюндардын жыйынтыгы менен волейбол боюнча аялдар арасында “ММЭ Бишкек” командасы биринчиликти алды. Эркектер арасында 35 жаштан жогорку категорияда “Ноокат” курама тобу жеңишти багындырса, 35 жаштан төмөн курактагы оюнчулар арасында биринчиликти “Баткен-1” командасы ээледи. Ал эми кичи футбол боюнча биринчи орунга “Легион” командасы ээ болду. Спорттук турнирлерге Кыргызстандын Россиядагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Аликбек Жекшенкулов катышты. Белгилей кетсек, оюн жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшыруу аземи, 31-август күнү, «Кузьминки-Люблино» жаратылыш, тарыхый-маданий сейил багында Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 28 жылдыгына карата өткөрүлө турган саамалыкта тапшырылат.