Өлкөдө турак жайга муктаж, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр Чүй облусунун Москва районуна караган Садовое айылында курулган социалдык шаарчада жашап жатышат. Турак жайларды арабдардын “Ас-Сафа” фонду куруп, быйыл апрель айында бүткөрүлүп, 64 үй-бүлөгө үйдүн ачкычтары тапшырылган. Ошол эле учурда жергиликтүү жашоочуларды туруктуу жумуш менен камсыз кылуу аракеттери да көрүлүп жатат.
Үйлүү болгондордун катарында 71 жаштагы Канымжан Жоошева дагы бар. Токсонунчу жылдардын башында Миң-Куштан балдары менен Кара-Балтага көчүп келип, туруп калган. Кийин мал кармап Петровкада убактылуу бирөөнүн тамында баш калкалаган. Бирок туруктуу жашай турган жери жок болгондуктан, көп жыл көчүп конуп жашоого туура келиптир.
Жаңы тамда Канымжан эне кызы жана үч небереси менен жашап жатат. Жакында неберелерин жакыныраак мектепке которгону турам - дейт. Кичүү небереси кичинекей болгондуктан кызы иштебейт. Жолдошу да жок. Азыр бул үй-бүлө пенсия менен жөлөк пулга жан багат. Анын баарын кошкондо 10 миң 900 сом үй-бүлөнүн бир айлык бюджети. Үй короо жайы менен өзүнчө бөлүнгөн, 3 бөлмөлүү, жууна турган жайы да бар.
Чакан шаарчада үйлөрдүн баары бир кылка окшош. Төрт батирлүү турак жайлардын жалпы саны 16. Бул үйлөрдө 64 үй-бүлө жашап жатат. Турак жайларды баштан аяк “Ас-Сафа” фонду өзү курган. Үй ала тургандарды да кайрымдуулук фонд тандаган. Ошондуктан мында жергиликтүү гана эмес өлкөнүн башка дубандарынан келгендер да бар. Жергиликтүү кеңештин өкүлдөрү алар тарабынан 1,5 гектардан ашыгыраак жер тилкеси бөлүнүп берилгенин билдирди.