Жаңылыктар
Суусамыр өрөөнүнүн жайыттарын соңку жылдары тикенек бадалдар басып кеткен
Кыргызстан жаңылыктары
Суусамыр өрөөнүнүн жайыттарын соңку жылдары тикенек бадалдар басып кеткен

Суусамыр өрөөнүндөгү жайыт жерлерди каптап, өсүп жаткан карагана же тикенек бадалдар жергиликтүү элди түйшөлтүүдө. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Айыл чарба министрлигине кара тикенди жок кылуу боюнча чараларды иштеп чыгуу тапшырмасын берген. Министрлик карагана каптаган 10 гектар жерди химиялык дары-дармектер менен жок кылуу максатында сыноо жүргүзгөн. 

Буга байланыштуу Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Суусамырдын жайыт жерлеринде өсүп жаткан кара тикен жергиликтүү элди түйшөлтүп жатканын белгилеп, аны жок кылуу боюнча сунуштарды иштеп чыгууну Айыл чарба министрлиги менен тийиштүү мекемелерге тапшырган. Өкмөт башчынын тапшырмасы менен Айыл чарба министрлигиндеги адистер Суусамырга барып, жергиликтүү эл менен жолукту. Анда суусамырлыктар карагана тикенек өсүмдүгү жылдан-жылга көбөйүп жатканын айтышты. Адистердин айтымында, тикенектүү бадал кыйган менен жок болбойт, аны түп тамыры менен казып салуу керек. 

Бирок тамыры менен жок кылуу үчүн көп аракет талап кылат. Анткени анын тамыры 2 метрден 7-8 метрге чейин узун болот. Мындан улам тикен бадалды химиялик жол менен жок кылуу боюнча эксперимент жүргүзүлдү. Алты гектар жерди экиге бөлүп, эки түрлүү химиялык дары сээп көрүшкөн. Анын бири натыйжа берип, учурда 3 гектар жердеги алтыгана азая түшкөн. Алтыгананы химиялык же механикалык жол менен жок кылуу натыйжалуубу? Бул боюнча сунушту тийиштүү мамлекеттик органдар Премьер-министрдин тапшырмасы менен Өкмөткө сунуш кылышы керек. Белгилей кетсек, Суусамырдагы 13 200 гектар жайыт жерди алтыгана өсүмдүгү каптаганы айтылууда.