Жаңылыктар
Чүй облусунда бир катар социалдык объектилер курула башталды
Кыргызстан жаңылыктары
Чүй облусунда бир катар социалдык объектилер курула башталды

Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында Чүй облусунда алгылыктуу жумуштар арбын жасалууда. Ички жолдор оңдолуп, социалдык объектилер курулуп жатат. Маселен Панфилов районунун Букара айылындагы Орозалы Текеев атындагы мектептин жаңы корпусу салынса, Вознесеновка айылында кайрымдуулук фонддун каржылык жардамы менен бейтапкана курулууда. Ошол эле учурда райондо бала-бакча пайдаланууга берилгени турат. Чүйдүн Панфилов районуна караган Букара айылындагы Орозалы Текеев атындагы мектептин бул жаңы корпусу билим күнүндө окуучулар үчүн эшигин ачат. Эми окуучулар мурдагыдай эки эмес бир эле нөөмөттө билим ала баштайт. Мектептин кошумча корпусунун курулушу быйыл бүткөрүлдү. Жаңы эмеректер да келген, азыр аларды орду-ордуна жайгаштыруу жумуштары жүрүп жатыптыр. 

Эми билим берүү уясын талапка толук кандуу жооп берет деп айтса болот. Жаңы корпуста китепкана да бар. Быйыл 5-6-класстын окуучулары жаңы басылган китептер менен камсыз болот. Мектепте жалпы 176 окуучу билим алат. Мугалимдер жаңы корпустун ачылышы менен окуучулардын саны көбөйөт деп турушат. Себеби класстардын тартыштыгынан көп окуучулар коңшу айылдагы мектепке барып окуганга аргасыз болгон. Эми мектеп кеңейди чоң жыйындар өтүүчү зал, дене тарбия сабагы үчүн спорт залы, ашкана, мугалимдер бөлмөсү бар жана класстардын саны да көбөйдү. 

Эгемендик күнүнө карата Эфиронос айылында 60 орундуу жаңы бала бакча пайдаланууга берилгени турат. Азыртан эле балдарды кабыл алуу башталды. Бала бакчанын ачылышына өзгөчө айыл тургундары кубанып турат. Себеби айылда бала-бакчага болгон муктаждык курч. Жаш балдары бар Алина Кутман кызы эки баласын бакчага бергени турат. Курама айыл өкмөтүндө бул үчүнчү бала бакча болот. Ошентсе да айылда 97 бала бакчага барууга кезекте турат. Эгер өтө зарыл болсо бакчада дагы бир тайпа ачууга шарт бар. Айыл өкмөтүндөгүлөр мурда союз маалынан калган эски мектепти талкалатпай сактап, каражат таап бала бакча салынды. 

Вознесеновка айылынын № 8 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу да жакында жаңы имаратка көчкөнү турат. Антпесе азыркыга чейин иштеп келе жаткан имарат сексен жыл мурда пайдаланууга берилген. Авариялык абалдагы имаратта отуруу дарыгерлер үчүн кооптуу болуп турат. Эски бейтапкананын чатыры түшүп калган, сырты да урап жатат. Иштөөгө таптакыр шарт жок, кышкысын суук болсо, жайкысын ысык. Эски имараттын ордуна бейтапкананын короо жайы көрктөндүрүлөт. Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жаңы имараттары пайдаланууга берилсе кайрылгандардын да саны арбыйт деп турушат. Себеби бейтапкана тогуз жолдун тоомунда жайгашкан.