Каракол шаарындагы №2 жылуулук берүү мекемеси 2019-2020 жылдарга карата от жагуу мезгилине токсон пайыз даяр. Азыркы тапта электр энергиясы менен жылытуучу отканаларда акыркы оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Негизинен бул ишкана быйыл жети миллион сомдон ашык каражатка оңдоо иштерин жүргүзмөк. Анын алкагында беш жүз метр жердеги жылуулук түтүктөрү жаңыланды.
Белгилей кетсек, жылуулук берүү ишканасы 8 мектеп, 2 миң 630 абонентти жылуулук менен камсыздайт. Азыркы тапта жылуулук мекемеси керектей турган көмүр кампага түшө баштады. Жылына бул мекеме 9 миң тоннага жакын көмүр керектейт.