Быйыл алгачкы республикалык Көчмөндөр оюндары сентябрь айында Таласта өтөт. Улуттук спорттун түрлөрүн өнүктүрүүнү көздөгөн иш-чарага даярдык кызуу жүрүүдө.
Айылдар тазаланып, иретке келтирилүүдө. Калаанын Чыңгыз Айтматов көчөсүнөн ат майданга чейинки 2 чакырымдан ашык аралыгына асфальт төшөлүүдө.
Ал эми ат майдандын өзүндө да курулуш иштери тынымсыз жүрүүдө. Аны оңдоп-түзөөгө республикалык бюджеттен 30 млн сом бөлүнгөн. Андан тышкары, "Манас Ордо" комплексинде демөөрчүлөрдүн жардамы менен суу чыгарылып, курулуш иштери жүрүп жатат.
Эске салсак, Президент Сооронбай Жээнбековдун демилгеси менен жыл сайын республикалык деңгээлде Көчмөндөр оюндарын өткөрүп туруу боюнча чечим кабыл алынган.