Борбор калаадагы мамлекеттик “Бишкек штамп заводу” келечекте Кыргызстандын эң ири өндүрүш ишканасына айланып, киреше берүүчү тармак болууга толук мүмкүнчүлүгү бар. Учурунда өлкөдөгү эң ири ишканалардын катарында болуп келген заводдо өлкө эгемендүүлүк алгандан бери иш солгундап, чыгашасы көбөйө баштаган. Жабдуулар уурдалып, сатылып да кеткен.
Жакынкы убактан тарта ишканада жумуш кайрадан жанданып, кубаттуулугун жогорулатуу иши жүрүүдө. Ишкана узак жылдардан бери быйыл алгачкы жолу кирешелүү болуп, мамлекетке алты айдын аралыгында 20 миллион сом төктү. Өндүрүш дагы да жогорулайт деп күтүлүүдө. Март айында, Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары учурунда россиялык бир нече ири ишканалар менен 50 млн долларга эсептелген келишимдер түзүлгөн. Бишкек штамп заводу Борбор Азиядагы атуучу куралга ок-дары чыгарган жалгыз ишкана. Андыктан бул завод чыгарган өндүрүмгө көп мамлекеттер муктаж.