Жаңылыктар
Кыргызстанда 1-октябрдан тартып мугалимдердин айлык акысы 30% көтөрүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда 1-октябрдан тартып мугалимдердин айлык акысы 30% көтөрүлөт

Салтка айланып калган мугалимдердин август конференциясы быйыл Ысык-Көлдүн жээгинде өттү. Ага премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев катышып, премьер-министр учурдун башкы талабы - билимдүү адамды тарбиялоо экендигин айтты. Жыйында Кыргызстандагы билим берүүнүн сапаты, башка өлкөлөр менен атаандаштык, агартуу тармагынын кызматкерлеринин социалдык абалын жакшыртуу, анын ичинен турак жай менен камсыз кылуу, айлык маяна тууралуу кеңири сөз болду.

Кыргызстанда мугалимдердин айлыгы күз айларынан тарта жогорулай турганы мына ушул август конференциясында белгилүү болду. Премьер-министр эмгек акы октябрь айынан тарта 30 пайызга көтөрүлөрүн, ал билим берүү тармагында эмгектенген 5-6 категориядагы 120 миңге жакын адиске тиешелүү экенин белгиледи.