Жаңылыктар
Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылында аймактарда ички жолдор оңдолууда
Кыргызстан жаңылыктары
Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылында аймактарда ички жолдор оңдолууда

Аймактарды өнүктүрүү саясатынын негизги максаты- ар бир облус, райондордун жана айыл аймактарынын социалдык экономикалык өнүгүүсүн камсыздоо, калктын жашоо шартын жакшыртууга багытталган. Айрым дубандарда бул кадамдар тез ыргак менен ишке ашырылып, өндүрүш өнөр жайы, инфраструктура, ага катар кайра иштетүү тармагы жагынан алдыга кеткен аймактар бар. Буга Чүй облусун мисал келтирсек болот. Өлкөдөгү эң ири ишкаланалар ушул дубанда жайгашып, айыл чарба, транспорт логистика тармагы да кыйла өнүккөн.

Ушул аптада биздин кабарчылар Чүй облусунда болуп, дубандагы жаңы салынып жаткан жана буга чейин башталган курулуш иштери менен таанышты. Мектеп, бала бакча, оорукана, таза суу, сугат суу жана башка тармактарга республикалык жана жергиликтүү бюджеттен миллиондогон каражаттар жумшалууда.