Жаңылыктар
Сооронбай Жээнбековдун Нарын облусуна болгон эки күндүк иш сапары
Кыргызстан жаңылыктары
Сооронбай Жээнбековдун Нарын облусуна болгон эки күндүк иш сапары

Аймактарды өнүктүрүү өлкөнү өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыты катары кабыл алынып, анын алкагындагы ири долбоорлор акыркы эки жылдан бери жигердүү ишке ашырылып келүүдө. Эң ириде экспортко багытталган кайра иштетүүчү ишканаларды куруу, өндүрүш өнөр жайы, экологиялык жактан таза айыл чарба азыктарын өндүрүүгө көңүл бурулуп, өлкөнүн каржы институттарынын каражаттарынын басымдуу бөлүгү аймактарга бурулууда. Аны менен катар ишкерлерди колдоо саясаты да жолго коюлуп жатат.

Аймактарды өнүктүрүүнүн алкагында ийгиликтүү ишке ашкан долбоорлордун бири- ушул күндөрү Нарын облусунун Нарын шаарында сүттү кайра иштетүүчү завод ишке кирди. Кубаттуулугу 150 тонна. Эми жергиликтүү тургундарга да сүттү кымбат баада жана көп көлөмдө сатууга шарт түзүлдү. Мындан сырткары Нарын шаарында калкты таза суу менен камсыз кылуу, канализация тутумун жакшыртуу иштери, ал эми облустун Ак-Талаа районунда ирригациялык долбоорлор, жол курулуштары жаатында тынымсыз иштер жүрүүдө.

Мына ушул иш-чаралар менен ушул аптада президент Сооронбай Жээнбеков таанышты. Өлкө башчысы Нарын облусуна эки күндүк жумушчу сапарынын алкагында Ак-ТалАа районунда жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуп, ал эми Нарын шаарында инфраструктуралык долбоорлорду көрүп, аны менен катар жогоруда айтылган ири сүт заводунун ачылыш аземине катышты.