Эгемендиктин 28 жылдыгы быйыл Ошто салтка айлангандай борбордук аянтта эмес, "Токтогул" эс алуу багында белгиленет. Бул күнү аталган парк шаардыктарга кайрадан пайдаланууга берилет. Токтогул эс алуу багы быйылкы жүз жылдыгына байланыштуу баштан-аяк жаңыланган. Эс алуу бакта, шаардыктар менен шаар конокторуна майрамдык ыр-күү, спорттук оюн-зоок тартууланат. Кечкисин, Сүйүмбаев атындагы борбордук стадиондо эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерт болот.
"Бул даярданып жаткан балдар стадиондогу кечки концертке катышуучулар. Бир канча кызыктыруучу программалар каралган, аларды шаардыктарга сыр катары азырынча айтпай туралы деп атабыз. Өзгөчө белгиленет",- деп билдирди Ош шаардык мэриясынын маалымат катчысы Азамат Абсаттаров.