Жаңылыктар
Чүй: элди жумуш менен камсыз кылган ишкерлер
Кыргызстан жаңылыктары
Чүй: элди жумуш менен камсыз кылган ишкерлер

Чүй облусунда өндүрүш ишканасын ачып, жергиликтүү элди жумуш менен камсыздап жаткан демилгелүү ишкерлер арбып жатат. Анын бири Москва районунун Беловодск айылында айыл чарба азыктарын кайра иштетип жаткан ири заводдун кожоюнун айтса болот.

Беловодск айылында бадыраң, помидор өңдүү жашылчаларды консервалай турган ишкана эки ай мурда иштей баштады. Өндүрүлгөн продукция Афганистан менен Тажикстанга экспорттолот. Жакынкы айларда ишкана кожоюну даяр азыктарды Россиянын рыногуна сатыкка чыгарам деп турат.

Андай болсо ишкананын өндүрүш көлөмү дагы арбыйт. Заводдо азыр 40тан ашыгыраак жергиликтүү тургун иштеп жатат.

Заводдун кожоюну ишкананы ачуу максатында Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунан 835 миң доллар насыя алган. Бул каражатка, өзүнүн акчасын кошуп чет мамлекеттен заманбап жабдуулар алынган жана Беловодск айылында мурдагы каралбай турган сыра чыгаруучу заводду сатып алган. Даяр продукцияны экспортко чыгаруу боюнча келишимдер түзүлүп жатканына байланыштуу эмдиги жылы жумуш орундарынын саны да көбөйтүлөт.

Чет мамлекетке чыгып жаткандыктан мында сапатка өзгөчө басым жасалат. Бул болсо сыноочу кампа, консерваланган азыктар дыкат кароодон өтүп андан кийин гана экспорттолот.

Консервалоо заводунун ачылышы Москва районунда Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында мерчемделген жети ишке долбоордун муну менен жасмык же чечевица менен буурчакты кайра иштеткен ишкана ачылып, өндүрүлгөн продукция Түркияга экспорттолуп жатат. Бул максатта 79 гектарга чечевица айдалган. Ошол эле учурда 17 гектар жерге тамчылатып сугаруу системасы коюлуп сабиз тигилген.

Учурда жергиликтүү бийлик томат чыгара турган заводду куруу боюнча инвестор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Инвестолор жалаң эле ишкана салбастан помидордун жаңы сортун алып келип, аны өстүрүү, кайра иштетүү боюнча технологиясын жергиликтүү дыйкандарга үйрөтөт. Жергиликтүү бийлик жер тилке бөлүп берүү маселесин чечүүгө аракеттенип жатат.