Эл аралык арбитраж «Кутессай-II» жана «Калесай» кендерин өнүктүрүү боюнча түз чыгымдардын айрымдарынын гана жана соттук чыгымдардын бир бөлүгүнүн ордун толтуруу менен «Stans Energy Corp» жана ОсОО «Kutesay Mining LLC» компанияларынын Кыргызстанга карата 6% азыраак доо талаптарын канааттандырды. Ошону менен бирге калган доо талаптарынан баш тартылды.
Эскерте кетсек, 2015-жылы «Stans Energy Corp» жана ОсОО «Kutesay Mining LLC» компаниялары Кыргызстандын бийлигинин 2013-2014-жылдар аралыгындагы «Кутессай-II» жана «Калесай» кендерин иштетүүгө берилген лицензияны токтотууга байланыштуу, мыйзамсыз делген аракеттеринин натыйжасында келтирилген зыяндын ордун толтуруу талабы менен Кыргызстанга каршы эл аралык арбитраждык процессти демилгелеген.
Иш боюнча угуу күнүнө карата 2018-жылдын апрелинде Франциянын Париж шаарында доогерлер тарабынан белгиленген талаптар пайызын эске алуу менен 304,23 млн доллар түзгөн. Ошентип, 2019-жылдын 20-августунда арбитраждык трибунал чечим чыгарган. Ага ылайык, доо талаптарынын суммасынан 6%га жакыны канааттандырылды. Тагыраагы 15 млн доллар жана 2014-жылдан берки 5 пайыздык үстөк.
Мындан тышкары арбитраж доогерлердин пайдасына соттук чыгымдарынын үчтөн экисин төлөө чечимин чыгарды. Чечимдин суммасы доогерлерге кенди өнүктүрүү боюнча кетирген айрым сарптоолорунун ордун толтурууга багытталган.
"Чечимдин өзү эле 300 баракты түзөт. Мындан улам, Кыргыз өкмөтү өзүнүн юридикалык консультанттары менен биргеликте мындан аркы стратегияны иштеп чыгуунун жолун аныктоодо. Бирок «Кутессай-II» жана «Калесай» кендерин иштетүү укугу доогерлер тарабынан кызмат адамдарын паралоо жана сумманы легалдаштыруу аркылуу алынгандыгы - бул иш боюнча Өкмөттүн негизги позициясы болуп калууда. Мунун негизинде Кыргыз Республикасы доогерлер арбитраждык чечимди аткарууну каалаган кайсы мамлекетте болбосун аны таанууга жана аткарууга келтирүүгө каршы турууну улантат. Ошондуктан «Стенс» компаниясынын бул чечим боюнча ыкчам акча алуу планы болсо, жада калса, анча чоң эмес сумманы, сот чечим чыгарган - доо талаптарынын жалпы 6% болсо да, аны ишке ашыра алышы күмөн",- деп билдирди "King&Wood Mallessons" компаниясынын өкүлү Андрей Яковлев.