Жаңылыктар
Чүй облусунда жаңы ишканалар ачылып, жумуш орундары түзүлүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Чүй облусунда жаңы ишканалар ачылып,  жумуш орундары түзүлүүдө

Чүй облусунда жаңы ишканалар ачылып, жаңы жумуш орундары түзүлдү. Сокулук, Аламүдүн жана Ысык-Ата райондорун кыдыруу учурунда мамлекеттик бюджеттен жана башка каржылоо булактарынан бөлүнгөн каражаттар таза сууну, ирригациялык каналдарды жана ооруканаларды оңдоп-түзөө иштерине сарпталып жатканына "Ала-Тоо 24" каналынын чыгармачыл тобу күбө болду.


Жерге төшөлүүчү таштамандарды даярдап чыгаруучу бул цех Кант шаарында 4 жылдан бери иштеп келет. Бул ишканада бардыгы болуп 30 киши эмгектенет, 22си жергиликтүү жашоочулар болсо, 8и чет элдиктер. Дээрлик бардыгы табигый таштардан жасалган жасалгалар Казакстанга жана Россияга экспорттолот.

Ысык-Ата районунун Сары-Жон айылынын жашоочулары үчүн таза суу маселеси негизги көйгөйлөрдөн болчу. Жакында донорлордун жардамы менен суу сактоочу тутум калыбына келтирилди. Эми бир айдан ийин Сары-Жон айылынын тургундарына таза суу бериле баштайт.


Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында Ысык-Ата районунун 19 айыл аймагы жана 47 мектеби интернетке туташтырылган. Ал эми 17 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна Швейцария элчилиги көмөк көрсөтүп, ноутбуктарды жана 28 компьютер сатып беришкен.