Жаңылыктар
Текебаев менен Чотоновдун иши кайра каралат
Кыргызстан жаңылыктары
Текебаев менен Чотоновдун иши кайра каралат

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши кайра каралат. Жогорку сот мындай чечимди жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кабыл алды. Саясатчылар орусиялык ишкер Леонид Маевскийден пара алды деген жүйөө менен 2017-жылы 8 жылга эркинен ажыратылышкан. 

Бирок алар өздөрүнө коюлган айыптоолорду четке кагып келишкен. Эми иш кайрадан Биринчи май райондук сотунда каралат.