2019-жылдын 22-августунда күндүз жана 23-24-августтарда туруксуз аба-ырайы күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.
Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетээри болжолдонууда.
Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.