Мамлекеттик салык кызматы электрондук салык төлөөчүлөрдү активдүү болууга чакырат.
Белгилей кетсек кошумча нарк салыгын төлөөчүлөр катары катталган, ошондой эле товарларды импорттону жана экспорттоону жүзөгө ашырган уюмдар жана жеке ишкерлер үстүбүздөгү жылдын июль айынан тартып салык отчеттуулугун квалификациялык электрондук кол тамганы колдонуу менен электрондук документ түрүндө берүүгө өткөн.
Буга байланыштуу, аталган салык төлөөчүлөр электрондук отчеттун белгиленген тартипте жана өз мөөнөтүндө тапшырууга милдеттүү экендигин Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Улукбек Самыйбеков баса белгиледи.