Бишкектин айрым жерлеринде 22-август күнү таза суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Профилактикалык иштерге байланыштуу 22-августта саат 10:00дөн 21:00гө чейин 7-11-12- жана "Асанбай" кичи районундагы бир катар үйлөрдө, "Ницца" турак шаарчасында, Жогорку "Көк-Жар" конушу, Борбордук Азиядагы Америка университетинде суу өчүрүлөт. Ал эми 5-кичи районундагы үйлөрдө суунун басымы төмөндөйт.
"Бишкексууканал" шаар тургундарынан кечирим сурап, таза сууну алдын ала камдап алышын суранат.