Бүгүн, 21-августта Бишкектин Ленин райондук сотунда борбордун мурунку мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун кылмыш иши боюнча дайындалган сот отуруму жылдырылды. Буга эки жактоочунун келбегени себеп болду.
Мурунку мэрлер жана башка айыпталуучулар Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушу, «Дастан» ААК каражатынын сарпталышы жана муниципалдык жерлерди берүүдөгү коррупцияга байланыштуу айыпталып жатышат.