Жаңылыктар
Сапар Исаковдун ден соолугунда инсульттун белгилери жок
Кыргызстан жаңылыктары
Сапар Исаковдун ден соолугунда инсульттун белгилери жок

Сапар Исаковдун ден соолугуна байланыштуу "дарыгерлер ага так диагноз коё албай жатат"- деп анын тарапташтарынын социалдык тармактардагы билдирүүсү боюнча Саламаттык сактоо министрлиги төмөнкүлөрдү билдирет. Сапар Исаков Улуттук госпиталда 16-августтан бери стационардык дарылануудан өтүп жатат. Ага “Кыр арка артериясынын синдрому” деген диагноз коюлган. 

Дарыгерлердин текшерүүсүнөн кийин Исаковго Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнөн стационардык дарылануу сунушу берилген. Исаковдун ден соолугунда инсульттун белгилери жок, аны магниттик-резонанстык томография да тастыктап турат. Бүгүнкү күндө анын абалын дарыгерлер канааттандырарлык деп баалашууда. Исаков дарыгерлердин көзөмөлүндө жана тиешелүү дарылануудан өтүп жатат.