Жаңылыктар
“Электрондук билет” долбоору ишке кирет
Кыргызстан жаңылыктары
 “Электрондук билет” долбоору ишке кирет

Бишкек мэриясы ушул жылдын октябрь айынан тарта коомдук транспорттордо электрондук төлөм тутумун ишке киргизүүнү пландоодо. Август айынын аягына чейин троллейбус менен автобустарда 20 стационардык валидатор жабдыгын орнотуу мерчемделген.

Коомдук транспорттордогу ишке киргени жаткан, валидатор же электрондук билет аппараты, азыркы тапта 8-автобус жана 14-троллейбуста орнотулууда.

Транспорттук карта түшүнүгү эми Бишкекте октябрь айынан башталат. Бул автоматташтырылган система, шаардагы коомдук транспорттун каттмадарына орнотулуп сыноодон өткөрүлө баштады. 

Тендерди утуп алган Швецариялык компания 5 жыл аралыгында өз каражатына шаардык транспортторго электрондук билет аппараттарын орнотот жана ага көзөмөл жүргүзөт.