Президент Сооронбай Жээнбеков Россия-Кыргыз өнүктүрүү Фондунун ,"Кепилдик фондунун" төрагаларын, "Айыл Банк" жана "РСК Банк" ачык акционердик коомдорунун төрагаларын кабыл алды.
Жетекчилер 2019-жылдын 7 айынын ичинде долбоорлорду каржылоонун көлөмдөрү жана жеңилдетилген насыяларды берүү жөнүндө маалымат беришти. Атап айтканда, Россия-Кыргыз нүктүрүү фонду аталган мезгилдин ичинде 4,5 млрд сомго 369 долбоорду каржылаган, бул 2018-жылга салыштырмалуу эки эсе көп. 60 пайыздан ашуун насыялар өлкөнүн аймактарына багытталган. “Айыл Банк” 7 айда 7,7 млрд сом өлчөмүндө 34 миң 757 насыя берген. “РСК Банк” отчеттук мезгилде 4,8 млрд сом насыя берген. Аны менен катар кепилдиктердин эсебинен банктардын берген насыялары 1,4 млрд сомду түзүп, былтыркыга салыштырмалуу 156 %га өскөн.
Президент Сооонбай Жээнбеков мындан ары дагы региондордогу ишкерлерди, экспортко багытталган ишканаларды активдүү колдоону улантуу, жаңы ишкерлердин “старт-ап” долбоорлорун каржылоо, санарип технологиялар аркылуу кыска убакытта тез насыялардын берилүүсүн камсыз кылуу керектигин белгиледи.