Учурда Бишкек – Кара-Балта жолунун 23 чакырымы салынып бүттү. Кийинки жылы 30 чакырымын бүтүрүү пландалууда. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин директору Шабданбек Иманкулов маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, департамент тарабынан 139 чакырым жолду жаңыртуу пландалган. Азыркы тапта жумуштун 75%ы бүткөрүлгөн жана 25-сентябрда ишти толук аяктоо мерчемделген. Иштин жүрүшүндө бир гана асфальт төшөлбөстөн, түтүктөр да орнотулууда.
Ошондой эле, жыйында Азия өнүктүрүү банкынын долбоорлорду ишке ашыруу тобунун директорунун милдетин аткаруучу Санжар Асаналиев 6 долбоордун үстүндө иштеп, анын үчөө аяктоо алдында экенин билдирди.