Чүй облусунун Аламүдүн районунда жайгашкан "Тёплые ключи" ден соолукту чыңдоо борбору туристтик аймакка айланат. Муну ишке ашырууга 200 миллион доллар керектелет. Туризмди өнүктүрүү максатында көрүлүп жаткан аракеттер туурасында "Кыргызтуризм" мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери маалымат беришти.
Бул тасмада Союз учурунда курулган “Тёплые ключи” ден соолукту чыңдоо борборунун учурдагы абалы көрүнүп турат. Жуунуучу жайлары эскирип, дубалдары көгөрүп жараксыз абалга кептелген. Түтүктөрү, куурлары да эскирип техникалык жактан толугу менен жаңылоого муктаж. Бул жайды жаңы заманбап үлгүдөгү шарты мыкты эс алуучу туристтик аймакка айландырууну “Кыргызтуризм” мамлекеттик ишканасы колго алууда.