Өкмөт Ички иштер министрлигинин жол кыймылынын бир нече эрежелерин бузуу боюнча айып пулдун көлөмүн азайтуу демилгесин колдойт. Ага ылайык, айрым эреже бузуулар боюнча айып пулдун көлөмүн 3 миң сомдон 1 миң сомго чейин төмөндөтүү болжолдонууда.
Бул тууралуу Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков нормативдик-укуктук актыларды, сот-укуктук реформанын алкагында кабыл алынган чечимдерди талдоо боюнча мекемелер аралык жумуш топтун жыйынында билдирди. Вице-премьер-министр жарандардын көптөгөн кайрылууларынын негизинде өзгөртүүгө сунушталып жатканын белгиледи.