POST1RIGHT
Балыкчы шаарында таза суудан курт чыкты деген видео буга чейин "Ала-Тоо 24" каналынын "Элдик репортёр" рубрикабызга келген. Бул тасма эфирге чыккандан кийин, атайын кызматтар, шаардык санитардык эпидемилогиялык борбор жана суу чарба кызматкерлери суу түтүктөрүндө текшерүү иштерин жүргүзүп чыгышты. Ага ылайык, шаар эли ичип жаткан сууда эч кандай коркунуч жок экенин аныкталды.
Ал эми буга чейин тартылып, жөнөтүлгөн тасмадагы куртту изилдеп чыгууга мүмкүн болгон жок. Себеби шаар тургундары аны дароо атайын кызматтарга жеткирген эмес. Аймактык кабарчыбыз Эдил Мелисбек Балыкчы шаарынан билдирет.
Балыкчы шаарынын Тыныстанов көчөсүнүн тургуну суу түтүктөрүнөн узун, кара жипке окшогон куртту тасмага тартып, аны таза суу түтүктөрүнөн чыкканын айткан эле. Бул видеону ал биздин "Элдик репортер" рубрикасына жөнөтүп, ичүүчү таза сууда жүргөн мындай белгисиз кара курт адам өмурүнө коркунуч келтирбейби? - деген суроо салган.
Бул тасма чыгаары менен Балыкчы шаардык санитардык-эпидемилогиялык борбордун кызматкерлери шаардын бир нече жеринен таза суу алып аны текшерүүгө алышкан. Адистердин айтымында ал кара курт буга чейин суудан чыккан эмес жана ал эмне деген курт экени боюнча маалыматтары жок.