Ажылык амалдарын аткарып бүткөн зыяратчылардын алгачкы тобу Бишкек-Жидда багыты боюнча Кыргызстанга келип конду.
Бүгүнтөн тартып 1-сентябрга чейин Жидда-Бишкек, Жидда-Ош жана Медина-Ош багыттары боюнча өлкөбүзгө кайтышат. Учурда ажылыкты уюштуруу штабы зыяратчылардын мекенибизге кайтуу рейстерин тактап жатат.
Мындан толук бир ай мурда Кыргызстандык зыяратчылар Мекке шаарына учуп кеткен болчу. Бүгүн алардын алгачкы тобу Бишкек-Жидда багыты боюнча келип олтурат. Исламдын 5 түркүгүнүн бири болгон ажылык парзын ийгиликтүү аткарган мекендештер ыйык Мекке шаарында жараткандан аруу тилектерди тилеп, элге, жерге жакшылык сурап дуба кылышкан.
Азыркы мезгилде ажылыкты уюштуруу штабы зыяратчылардын мекенибизге кайтуу каттамдарын такташууда. Мекендештер бүгүнтөн тартып 1-сентябрга чейин Жидда-Бишкек, Жидда-Ош жана Медина-Ош багыттары боюнча өлкөбүзгө кайтышат.
Ажылык жөрөлгөсүн аткарган жарандарга жалпысынан 119 ажы башчы жардам берген. Аларга кызмат көрсөтүү, коопсуздук эрежелери жаатында түшүндүрүү тартибин мезгил-мезгили менен жүргузүлүп турган.
Быйыл Кыргызстандык ажыларга ыйык Харам мечитинен мейманканага каттап туруу үчүн атайын автобустар уюштурулган.