Жаңылыктар
Алдыдагы бир жумалыкта өлкөдө туруксуз аба ырайы болот
Кыргызстан жаңылыктары
Алдыдагы бир жумалыкта өлкөдө туруксуз аба ырайы болот

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу жерлерде кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады. 20-21-22-августта тоолуу райондордо өткүн өтсө, бийик тоолуу аймактарда кар жаайт. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. 

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 22-августта кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Мындай аба-ырайы түшүм жыйноо иштерине тоскоолук жаратат. Андан сон 25-августтан тартып абанын температурасы жогорулайт.