Ысык-Көл районундагы Кош-Көл айылында тынымсыз жааган жамгырдын айынан селдер башталды. Ал жерде азыр Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү иштеп жатышат.
Ошондой эле аким Данияр Иманалиев селден үйлөрү жабыркаган айылдагы жергиликтүү эл менен жолукту.
Маалыматка ылайык, сел Чырпыкты айылына жетип, тогуз үй жабыркады. Азыркы убакта адистер керектүү иш-чараларды өткөрүп, жергиликтүү тургундарга жардам берүүдө.