Жаңылыктар
“Санарип Кыргызстан”: “Мамлекет платформа катары” алгачкы опциясы ишке кирди
Кыргызстан жаңылыктары
“Санарип Кыргызстан”: “Мамлекет платформа катары” алгачкы опциясы ишке кирди

“Санарип Кыргызстан” концепциясынын алкагында “Мамлекет платформа катары” деп аталган алгачкы опция ишке кирди. Мындан ары бул багытта Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети, “Альфа Телеком”, Мамлекеттик салык кызматы жана Мамлекеттик каттоо кызматы тыгыз байланышта иш алып барат. 

Эң пайдалуу жана ыңгайлуу саамалыктын ишке кириши менен Кыргызстандыктар үчүн жеңилдиктер түзүлдү. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр үчүн мурдагыдай кезек күтүп убактыларын коротпой, кыска мөөнөттүн ичинде, тагыраак айтканда саналуу мүнөттөрдө электрондук мобилдик капчык аркылуу акысыз төлөмдөрдү төлөй алышат.

Эгер унаа үчүн салык төлөө керек болсо, салык кызматына барбай туруп каалаган учурда төлөсө болот. Ал үчүн болгону телефонго санарип платформасына кошулган "MegaPay" тиркемесин жүктөп алуу керек. Ошондо салыктын өлчөмү автоматтык түрдө эсептелинип акылдуу төлөө ишке ашырылат. Жарандардын ишенимдүү жардамчысы болгон "MegaPay" кызматтарды көрсөтүүнүн жаңы модели жана жаңы форматы.

Өз кардарларын ыңгайлуу тейлөөгө, мобилдик байланыштын колдонуу чөйрөсүн ар убак кеңейтүүгө аракет кылып келген Мегаком компаниясы тарабынан жыл аягына чейин 100 мамлекеттик кызмат электрондук форматка өткөрүлөт. Ал эми сентябрь айынан баштап акча төлөөлөр кагаз жүзүндө эмес, смс-билдирүү аркылуу келип, онлайн капчыгы аркылуу төлөнө баштайт. Өнүгүүгө багыт алган мындай кадамдар мамлекеттин акча каражатын, адамдык ресурстарын үнөмдөөгө өбөлгө болот.

Бардык кызматтар- жарандардын колунда. Мамлекеттин жана бизнес сектордун мыкты санариптик чечимин ишке ашырууга убакыт келди,- дейт Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы.

Өткөн жылы мамлекет башчысынын жеке демилгеси менен “Санарип Кыргызстан” концепциясы кабыл алынган. Анын негизинде өлкөнүн өнүгүүсүнө шарттарды түзүп берүү максатындагы “Мамлекет платформа катары” иштери башталды. Бул багытта маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети, “Альфа Телеком”, Мамлекеттик салык кызматы жана Мамлекеттик каттоо кызматы тыгыз байланышта иш алып барышат.