Жаңылыктар
ТИМ: “Апрель” телеканалынын мүлкү мыйзам чегинде камакка алынды
Кыргызстан жаңылыктары
ТИМ:  “Апрель” телеканалынын мүлкү мыйзам чегинде камакка алынды

Тышкы иштер министрилиги ЕККУнун сөз эркиндиги боюнча өкүлү Арлем Дезирдин "Апрель" телеканалына байланыштуу билдирүүсүнө карата маалымат берди. “Апрель” телеканалы оор кылмыштарга шектелип жаткан адамга тиешелүү болгондуктан анын мүлкү мыйзам чегинде камакка алынды. 

Белгилей кетсек, каналдын редакциялык саясаты, контенти же бийликке болгон көз карашы эмес, каналдын мүлкү камакка алынды. Буга чейин канал оппозициялык багытта иш алып барса дагы, аларга кандайдыр бир чектөө болгон эмес. Сөз эркиндигине жана маалыматты таратуунун эркиндигине чектөө жок”, - деп билдирет Тышкы иштер министрлиги. 

Мекеме о.э., Кыргызстан адам укугуна, сөз эркиндигине, маалымат каражаттарынын ар тараптуулугуна демократиянын принциптеринде мамиле кылаарын кошумчалаган. 

Эске салсак, ЕККУнун сөз эркиндиги боюнча өкүлү Арлем Дезир бир нече оор кылмыштар менен шектелип жаткан Алмазбек Атамбаевдин менчиги болгон “Апрель” каналынын мүлкүнө салынган камакты алып таштоого чакырык таштаган болчу.