Жаңылыктар
Кайгуул милициясына кызмат өтөөгө келгендерди Грузиядан келген адистер окутууда
Кыргызстан жаңылыктары
Кайгуул милициясына кызмат өтөөгө келгендерди Грузиядан келген адистер окутууда

Кайгуул милициясына кызмат өтөө үчүн ИИМдин Академиясында даярдыктан өтүп жаткан кызматкерлерди Грузиядан келген адистер окутууда. Бир апта аралыгында алар өздөрүнүн тажрыйбалары менен бөлүшүп, кайгуул милициясынын кызматкерлерин тапташат. 


2019-2020-жылдары ишке ашырылуучу пилоттук долбоор алгач борбор калаада, андан соң өлкөнүн башка аймактарына жайылтылат. Белгилей кетсек, жаңы кызматты түзүү сунушу Президент Сооронбай Жээнбековдун демилгеси менен түзүлгөн атайын жумушчу топко таандык.


Элдин коопсуздугун, тартибин тейлегендер эң оболу жеңил, сергек, кубаттуу жана ден соолугу чың болушу керектигин айткан Бактыбек Абдилаким уулу Жалал-Абаддагы Дене тарбия университетин бүтүргөн. Укук коргоо тармагында иштегенди көксөп, адегенде ИИМдин патрулдук-посттук кызматында эмгектенген. Жаңы түзүлгөн Кайгуул милициясына сынактан өткөндөн бери ИИМдин Э.Алиев атындагы Академиясында үч айлык окуудан өтүүдө.

Бактыбек сыяктуу Кайгуул милициясына иштөөнү максат кылган 279 кызматкер бар. Арасында күч түзүмдөрүндө иштегендер менен катар түзүмгө жаңы кадам таштагандар да бар. Алар топ- топторго бөлүнүү менен түрдүү тажрыйбаларды үйрөнүшүүдө.


ИИМдин Академиясынын жетекчиси балдар өздөрүнүн келбеттерин, салмактарын ар убак көзөмөлдөп, машыгып жүрүүсүн сунуштайт. Учурда коомдо кооптуу абал жаралганда, кылмыш болгон жерде Кайгуул милициясынын кызматкерлеринин аракеттери лекция, семинар жана тажрыйба жүзүндө үйрөтүлүүдө.