Жаңылыктар
Президент шайлоо мыйзамына кол койду
Кыргызстан жаңылыктары
Президент шайлоо мыйзамына кол койду

Расмий кабарлардан, Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган шайлоо мыйзамдарынын топтомуна кол койду. Кабыл алынган мыйзамдар Кыргызстандын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүүгө багытталган жана аны менен бир нече мыйзам актылары өзгөртүлөт.

Анын ичинде президентти, парламентти шайлоо, референдум жөнүндө, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын макамы, Бишкек жана Ош шаарларынын макамы жөнүндөгү мыйзамдар бар.