Камакта отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге дагы эки кылмыш иши козголду. Аскер прокуратурасы тарабынан маалымдама берилгенин айткан Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарев жаңы козголгон эки кылмыш иши Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоо жана «Форум» ишканасына байланыштуу. Жактоочунун айтуусунда ишке Жогорку Кеңеште көпчүлүк добушка ээ болгон депутаттык комиссиянын тыянагы негиз болгон.
Эске салсак, Алмазбек Атамбаев тергөө менен кызматташууга жана тергөө документтерине кол коюудан, көрсөтмө берүүдөн баш тарткан.
Буга чейин Алмазбек Атамбаевге коррупция беренеси боюнча айып коюлган. Бишкектин Биринчи май райондук соту 9-август күнү аны кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча кылмышка шектүү катары караган тергөө материалдарынын негизинде 26-августка чейин абакта кармоо тууралуу чечим чыгарган.
Ошондой эле, Башкы прокурордун 13-августтагы маалыматына ылайык, Атамбаев бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук, массалык башаламандык уюштуруу, киши өлтүрүү, барымтага алуу сыяктуу оор кылмыштар боюнча айыпталууда.