Жаңылыктар
Жеңиш Разаков Көкташ–Аксай–Тамдык унаа жолуна асфальт-бетон төшөө иш-чарасына катышты
Кыргызстан жаңылыктары
Жеңиш Разаков Көкташ–Аксай–Тамдык унаа жолуна асфальт-бетон төшөө иш-чарасына катышты

Вице-премьер-министр  Жеңиш Разаков Баткен облусуна жумуш сапары учурунда Көкташ–Аксай–Тамдык унаа жолуна асфальт-бетон төшөө иш-чарасына катышты.

Вице-премьер-министр ошондой эле Ак-Сай-Тамдык унаа жолунун курулушу боюнча аткарылып жаткан иштер менен таанышты.

Көкташ–Аксай–Тамдык унаа жолунда курулуш иштери башталып, жалпысынан 21 км жол курулган.

Көкташ–Аксай–Тамдык унаа жолундагы жол-курулуш иштерине «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча 120 млн сом өлчөмүндө каражаттар каралган.