Курсан Асановдун Ички иштер министринин орун басары кызматынан алынышынын себеби айтылды. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, 7-8-август күндөрү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди күчтөп алып келүү иш-чараларын жүргүзүү маалында коомдук тартипти сактоону камсыздоодо Курсан Асановдун Ички иштер министринин орун басары катары милдеттерин аткаруусу боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлгөн.
Анын жыйынтыгында кыргыз милициясынын кызыкчылыктарын саткандыгы жана ишеничтен кеткендиги белгиленген. Учурда кызматтык иликтөөнүн жыйынтыктары юридикалык баа берилиши үчүн Башкы прокуратурага жөнөтүлдү
Курсан Асанов Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Ички иштер министринин орун басары кызматынан кечээ бошотулган.
Премьер-министрдин башка буйругу менен Асанов Памирбек Джумалиевич Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары болуп дайындалды.