Эл аралык аскер оюндары аяктап келе жатат. 17-августта мелдештердин расмий жабылышы болот. Тюменде аталган эл аралык оюндун алкагында “Инженердик формула” жана “Коопсуз маршрут” сынактары болуп өттү. Монголияда болсо ат оюндары орун алды.
Мелдеш катышуучулары 8 метрден жогорку бийиктиктен тик учма макетинен жерге түшүп, андан соң чалгындоо, аны аяктай эле мина тааласын коопсуздардырышты. Андан кийин оор техникалар кошулду. Кыска убакыттын ичинде аскерлер унаалардагы жабдуулар менен 40 метрлик көпүрөнү кура калып, атайын техниканын жардамы менен казылган аң дөңдөрдү түздөп, кыйылган бактардан жолду тазалашты.
Тилекке каршы кыргыз командасы жарым финалга өтө алган жок. Көпүрө курууда, атайын техниканын гидравликалык системасынын куурлары жарылып кеткен. Ийгиликке жетишпесе да, кыргыз командасы, пайдалуу тажрыйбага ээ болгонун айтат. Алардын сөзүндө, аталган мелдешке катышуу үчүн Кыргызстандын командасы бир аз эскирек үлгүдөгү техника менен даярданган.
Кыргызстандык топ спорттук мелдештерде өз чеберчилигин көрсөттү. Аркан тартыш жана стол тенниси боюнча алдыга чыгып, маданий программасы мелдеш катышуучулары менен конокторду кайдыгер калтырган жок. Тюмендеги мекендештердин колдоосу менен концерттик программа даярдалып, кыргыз улуттук тамагы жергиликтүүлөрдүн кызыгуусун арттырган.