Жаңылыктар
Памирбек Асанов Ички иштер министринин орун басары болуп дайындалды
Кыргызстан жаңылыктары
Памирбек Асанов Ички иштер министринин орун басары болуп дайындалды

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон башка буйрукка ылайык, Памирбек Асанов Ички иштер министринин орун басары болуп дайындалды.

Эске салсак, кечээ Курсан Асанов Ички иштер министринин орун басары кызматынан бошотулган. Курсан Асановдун иштен бошотулушунун себеби боюнча ички иштер министрлиги маалымат таратты.

Анда Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция учурунду Курсан Асанов коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн ишенип берилген тилкени таштап кеткен. 

Ал Атамбаевдин үйүнө кирип барып, өзүнүн аракетин кол алдындагыларга телефонго тартууга буйрук берип, өзүн пиар кылуу аракетинде болгон. 

Ошондой эле, курал-жарактарды кармаганга болбостугун, аны криминалисттик-эксперттик кызматкерлер гана кароого ала тургандыгын, фото-видео тартууларды атайын кызматкерлер гана жүргүзө турганына карабастан, кызматтык милдеттерди аткарууда кемчиликтерге жол бергендиги аныкталганы айтылат.