Жаңылыктар
ИИМ: Мирбек Айтикеев кармалган жок жана суракка чакыртылган эмес
Кыргызстан жаңылыктары
ИИМ: Мирбек Айтикеев кармалган жок жана суракка чакыртылган эмес

Мирбек Айтикеев кармалган жок жана суракка чакыртылган эмес. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, журналист, коомдук активист жана КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Мирбек Айтикеев кармалган жок. 

Айрым массалык маалымат каражаттары Мирбек Айтикеев 10-октябрга чейин камакка алынганын жазып чыгышкан. Бул маалымат чындыкка дал келбейт. Айтикеев 7-8-август күндөрү Кой-Таш жана Бишкектеги окуяларга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында күбө катары гана өтөт, - деп айтылат маалыматта.