Жаңылыктар
Жалал-Абад - Маданият аралыгындагы жол оңдоо иштери токтоп калды
Кыргызстан жаңылыктары
 Жалал-Абад - Маданият аралыгындагы жол оңдоо иштери токтоп калды

Бишкек- Ош каттамынын Маданият - Жалал-Абад аралыгындагы 67 чакырымга созулган жолдун курулушу бир айдан бери токтоп турат. Ага каржылык маселе себеп болуп жатканын жол куруп жаткан компаниянын өкүлдөрү билдирди. 

Каржылоонун жоктугунан улам 200дөн ашуун жумушчу май айынан бери маянасын ала элек. Жалал-Абад - Маданият жолун куруу иштери жыл башында башталган. 

Бүткөрүү мөөнөтү 36 ай. Жаңы жолду Азербайжандын “Айсвирт” компаниясы тендерден 59 миллион долларга уткан.

 Сметалык баасы 72 миллион долларды түзгөн жолду курууга 60 миллион доллар Евразия өнүктүрүү банкы тарабынан берилген каражат. Ал эми 12 миллион доллары мамлекеттик бюджеттен каралган акча.