8-августта борбор калаада башаламандыкты уюштурууга аракет кылгандардын кесепетинен 30 автобус талкаланган.
Бишкектеги жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасы" болжолдуу эсептөөлөр боюнча эки миллионго жакын чыгым тарткан.
Маалыматка ылайык, түз чыгымдардан тышкары, кыйыр чыгымдар да бар. Кызматтан түшкөн каражат 120 миң сомго чейин азайган.
Азыркы тапта автобустарды калыбына келтирүү иши жүрүүдө. Натыйжада, 60ка жакын айдоочу ишсиз калган.