Жаңылыктар
Адилеттик издеген чет элдик инвестор
Кыргызстан жаңылыктары
Адилеттик издеген чет элдик инвестор

Пайда көрөм деп Кыргызстанда ишкерчиликке акча салып, орто жолдо алданган чет элдик инвесторлор көп жылдан бери адилеттик издеп келет. Бул сапар биздин каналга кайрылган Казакстандык жарандар мындан 10 жыл мурда Ысык-Көл жээгине эс алуу жайларын курууга 3 миллион доллардан ашык каражат жумшап, акчасын кайра ала албай убара болуп келишерин айтышты.

2008-жылы эки казак жараны Сүйөрбек Султанбеков аттуу кыргыз жараны менен биргелешип “Бишкекавтоматика” ишканасын негиздешет. Андан соң Ысык-Көлдөгү Илимдер Академиясына караштуу жерден 10 гектар жер 49 жылга ижарага алынып, 3 миллион долларга 50дөн ашык коттедж курулат. Кызыгы кийинчерээк ошол ижарага алынган жердин 3 гектардан ашыгы мыйзам бузуулар менен менчикке өтүп кеткен. Соттошуп келе жаткан инвестор тарап жер бөлүүгө ошол кездеги жергиликтүү бийлик өкүлдөрү аралашканы аныкталганын билдирди.

Казакстандык эки инвестордун өкүлү Нурмухамбет Нагиев 2010-жылдан бери алдамчылык схема менен алдырып жиберген акчаны кайтаруу үчүн күрөшүп келет. Ал Султанбеков менен соттошуп, Казакстандын жана Кыргызстандын болгон баскычындагы сот инстанцияларынан утуп чыккан. Бирок ортодон көп тоскоолдуктарга кабылган. Бул соттук иштерге дагы Свердлов райондук сотунун мурдагы судьясы, учурда бир нече беренелер менен айыпталып камактагы Эльвира Жаркеева аралашканы белгилүү болду. Нагиев биздин каналдан чыккан кытай ишкерлерине байланыштуу көрсөтүүдө Жаркееванын атын угуп кайрылган. Ал ортодо Илимдер Академиясы дагы мыйзамсыз өтүп кеткен жерин кайтара албай соттошуп жаткан маалы.

Эс алуу жайлары колдон колго өтүп сатылып кеткен. Мыйзамсыз курулган эс алуу жайларына атуу-баштуу адамдар ээлик кылаары такталган. Ошондон улам бут тосуулар көп деп эсептейт талдоочулар. Кара-Ой айылында жайгашкан “Кызыл карагай токою” эс алуу жайында 50 ашык коттедж курулуп, анын 29на иштөөгө уруксаат берилген. Бирок калганы дагы толук бойдон иштеп жатканы айтылат. Биз бул боюнча иликтөөгө алып, кийинки көрсөтүүлөрүбүздө кеңири маалымат беребиз.