Бишкек-Балыкчы каттамы боюнча поезд кыймылы калыбына келтирилди. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынан билдиришти.
Темир жолчулар оңдоо иштерин жүргүздү. Учурда тиешелүү комиссия окуяны иликтеп жатат.
Эске салсак, кечээ Токмок шаарынын аймагынан вагондор рельстен чыгып кеткен.