Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет кылган. Маалымат жыйынында бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Орозбек Опумбаев айтты.
Ал билдиргендей, Атамбаев үйүнө адамдарды чогултуп, аларга 1 миңден 3 миң сомго чейин акча төлөп турган. Атайын чараларды көрүп, үйүнүн терезе, эшиктерине темир торлорду коюп, коргонууга даярданган.
Опумбаев ушундан улам Алмазбек Атамбаевди тергөөгө мажбурлап алып келүү УКМКга тапшырылганын жана ал мыйзамдуу болгонун кошумчалады.
Ошондой эле УКМКнын төрагасы Атамбаевди кармоо үчүн "Альфа" атайын даярдыктагы бөлүмдүн жөнөтүлгөндүгү боюнча түшүндүрмө берди.