Аламүдүн районунун Кой-Таш айылында 7-8-август күндөрү болгон окуялардын жыйынтыгында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтарына карата 8 кылмыш иши козголду. Бул тууралуу маалымат жыйынында Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов билдирди.
Анын айтуусунда "Массалык башаламандык уюштуруу", "Адам өлтүрүү", "Барымтага алуу" дагы төрт иш адам өлтүрүүгө жана бейбаштык фактылары боюнча.
Ошондой эле, Башкы прокурор тергөөчүлөр курамына кирген ведомство аралык комиссия түзүлгөнүн кошумчалады. Ал эми барымтага алуу жана массалык башаламандыктар боюнча Фарид Ниязов, Алга Кылычев, Амантур Жамгырчиев жана Шаменов кармалган. Соттун чечими менен алар 8-октябрга чейин камакка алынды.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге коюлган айыптар боюнча Башкы прокуратуранын Тергөө жана ыкчам издөө ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси Замир Бейшекеев маалымат берди.
Ага ылайык, мурдагы президентке Укук коргоо органдарынын кызматкерлерине карата зомбулук жасоо, Башаламандык уюштуруу, Адам өлтүрүүнү уюштуруу, Адам өлтүрүүгө аракет жасоону уюштуруу, Кишилерди барымтага алуу айыптары коюлган. Атамбаев Биринчи Май райондук сотунун чечими 26-августка чейин УКМКнын тергөө абагына киргизилген.