Биринчи май районунун Токтоналиев көчөсүндө жайгашкан балдардын спорттук аянтчасы аймактагы 16 көп кабаттуу үйдүн карамагында.
2005-жылы жеке тарапка өтүп кеткен аянтча азыркыга чейин эки тараптын талаш-тартышында. Балдары оюн аянтчасы жок калуусунан тынчсызданган ата-энелер сотко бир нече жолу кайрылып, оң жооп ала алган эмес.
58 жылдан бери жашоочулар колдонуп келген аянтчаны, эми мынтип жеке тараптар жаңы имарат тургузуу үчүн бузуу аракетин көрүүдө.
Ага жашоочулар каршылык көрсөткөнүнө карабай, куруучулар Бишкектеги “АЯКС” коргоочулар агенттигинин кызматкерлери менен биргеликте ишти улантууда.